Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Садыркуловдун өлүмүнө шектүүлөрдүн арасында Конгантиев жок


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, бул кылмыш ишине тиешеси бар деген шек менен кармалган 16 адамдын арасында бир генерал бар. Бирок анын аты тергөө ишинин жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча айтылбайт.

Турганбаевдин айтымында, Садыркуловду алгач буга чейин президенттин иш башкармалыгын жетектеп келген Курманбек Темирбаевдин дачасынан өлтүрүшүп, Кой-Таш айылында жол боюнда машинага салып, өрттөп жиберишкен. Буга буйрук берген адам - мурдагы президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келген Жаныш Бакиев болгондугу айтылды.

Медет Садыркуловдун күйүп кеткен сөөгү 2009-жылдын март айында табылып, буга чейин ал автокырсыктын курмандыгы болду деп айтылып келгени менен, бул версия коомчулук арасында шектенүүнү жаратып келген болчу. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG