Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Өкмөттүн кызматкери Молдошев адам өлүмү боюнча сурак берип жатат


Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү деп кармалган Чек ара кызматынын мурдагы башчысы, азыр өкмөттөгү коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Замир Молдошев учурда сурак берип жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди.

Садыркулов мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин түздөн-түз буйрутмасы менен өлтүрүлгөнү да айтылды.

Акыркы маалымат боюнча, өлүмгө шектүүлөрдүн 16сы азыр камакта.

Медет Садыркуловдун өрттөлгөн сөөгү 2009-жылдын март айында, президенттик администрациядан кеткенине бир нече ай болгондон кийин табылган. Аны менен чогуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченконун жана Кубат Сулаймановдун да сөөктөрү табылган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG