Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Лебединовка айылында жер ээлери нааразы


Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылынан жаңыдан жер сатып алган 40ка жакын үй-бүлө инфраструктуранын жоктугуна нааразы. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ошол үй-бүлөлөрдүн өкүлү Эрмек Кошоев билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн трансформация жолу аркылуу жеке адамдарга саткан жер ээлери мыйзам боюнча электр энергиясы, суу, жол менен камсыз кылууга милдеттүү эле. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат.

Айыл чарба багытындагы жерлерди үй куруу үчүн сатууга мыйзам уруксат бербейт. Бирок, 2009-жылы трансформациялангандан кийин мындай укукка ээ болгон 5 жеке адам 28,5 гектар жерин 4 соткадан 444 участокко бөлүп сатып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG