Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Кабулда талип согушкерлерине каршы операция аяктады


Согушкерлер кечээ шаар борборундагы өкмөттүк имараттар, АКШ элчилиги жана НАТО башындагы эл аралык контингенттин штабын аткылоого алышкан. Бир күнгө созулган салгылашуунун натыйжасында кол салгандар жок кылынганын Кабул полициясынын башчысы Мохаммад Аюб Саланги маалымдады.

Талиптерге каршы операцияга жергиликтүү аскерлер менен кошо бейпилдик күчтөрүнүн жоокерлери катышты. 11 кишинин набыт болуп, 20дан ашуун кишинин, анын ичинде натолук 6 аскердин жараат алганы кабарланууда. Америкалык элчиликтин кызматкерлери жабыркашкан жок. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон согушкерлердин чабуулдары ооган элине берилип жаткан жардамга бөгөт боло албайт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG