Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Тоолуу Карабакта Азербайжандын учагы атып түшүрүлдү


Жикчилердин көзөмөлүндөгү Тоолуу Карабактын коргоо министри Азербайжандын пилотсуз учагын атып түшүрүшкөнүн билдирди. Учак талашка түшкөн аймактын үстүнөн учуп баратканы айтылууда.

Армениянын коргоо мекемеси бул маалыматты тастыктаганы менен, Баку расмий реакциясын билдире элек. Азербайжан пилотсуз учактарын алгачкы ирет ушул июнда аскерий парадда көрсөткөн.

1990-жылдары орун алган согуштун натыйжасында Еревандын колдоосуна таянган армениялык сепаратисттер Тоолуу Карабакты өз карамагына алышкан. Баку чөлкөмдү кайтарып алуу үчүн күч колдонуу жөнүндө көптөн бери эскертип келатат. Эл аралык арачылардын көмөгү менен жүргүзүлүп келаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG