Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

“Тилектештик»: Шайлоо мыйзамдары бузулуп жатат


"Тилектештик" жарандык кыймылы Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, президенттик шайлоо алдында айрым талапкерлер жана маалымат каражаттары тарабынан мыйзам бузууларга жол берилип жатканын билдирди. Аларга карата чара көрүлүүсү зарыл экендиги да айтылган. Алдыдагы президенттик шайлоого карата үгүт иштеринин мөөнөтү баштала элек болсо да кээ бир талапкерлер кыйыр түрдө өздөрүнүн программаларын коомчулукка жарыялоого жетишип жатканы, бул үчүн маалымат каражаттарына, жарнак агенттиктерине канча акы төлөнүп жатканы белгисиз калып жатканы айтылат. Булардын ичинде негизги басым өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин дарегине багытталган, анын орусиялык маалымат каражаттарына курган маектери, интернет басылмаларындагы сүрөттөрү белгиленген.

Президенттик шайлоо алдында үгүт иштери боюнча мыйзамдарды бузганы үчүн БШК бир катар басылмаларга, телекомпанияларга эскертүү берген.

Шайлоо 30-октябрда болот. Үгүт кампаниясы расмий түрдө 25-сентябрда башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG