Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Кытай соту шинжаңдык 4 уйгурду өлүм жазасына тартты


Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунда быйыл жайда болгон тополоңдорго байланыштуу төрт адам өлүм жазасына тартылды. Сот аларды "террорчулук кылды", "мал-мүлктү атайын өрттөдү" жана "адам өлтүрдү" деп тапты.

Жайында Кашкар жана Хотан шаарларында болгон кагылыштарда 32 кишинин каны төгүлгөн. Ырасмий Бээжин калаба үчүн уйгур жикчилерин күнөөлөгөн.

Германияда бозгундагы Дүйнөлүк Уйгур Конгрессинин айтымында, айыптуу деп соттолгон төртөө сурак кезинде кыйноого алынганын, адвокаттар алар менен саналуу гана жолу жолуктурулган.

Шинжаң регионунун түрк тилдүү калкынын көпчүлүгү - уйгурлар.

XS
SM
MD
LG