Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Швейцариянын эңгезер банкы 2 млрд. доллар чыгыша болду


Швейцариянын эң чоң банкы UBS кызматкери уруксатсыз жүргүзгөн соодадан 2 миллиард доллар чыгаша тартты. Цюрихте жайгашкан банктын билдиришинче, андан жеке кардарлар зыян тарткан эмес. Бул жарыядан кийин аңгезедей банктын акциялары 7 пайызга арзандады.

Лондондо швейцариялык банктын жоготуусуна тиешеси бар деп шектелип, 32 жаштагы жаран кармалганын британ полициясы кабарлады.

UBS 2008-жылы чоң чыгымга кабылганда, банкты Швейцария өкмөтү сактап калган. Банк өткөн айда 3 500 миң кызматкерин кыскартарын жарыя кылган.

2008-жылы Франциянын экинчи чоң банкы Societe General кызматкерлеринин бири жүргүзгөн уруксатсыз операциядан 4, 9 миллиард евро (6,7 млрд. доллар) жоготкон.

XS
SM
MD
LG