Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Имам мектеп директорун сотко берди


Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караган Орто-Өрүктү айылынын имамы Канатбек Турдукожоев айылдагы Шабиров атындагы орто мектептин жетекчилигин сотко берди.

"Азаттыктын" кабарчысы маалымдагандай, имамдын кызы жоолукчан келгенине байланыштуу директор аны мектепке киргизбей койгон.

К.Турдукожоевдин арызы 16-сентябрда каралат. 6-класстын окуучусу, 11 жаштагы Амина Канатбек кызы мектепте жоолук салынган жалгыз кыз.

Мурдараак Кыргызстан мусулман аялдарынын "Мутакаллим" коомдук уюму мектепте окуган кыздарга сабакка жоолук салынып баруусуна директорлор тарабынан тыюу салынып жатканын сындаган. (RK/MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG