Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Түркиянын аскер флоту Израилди "дүрбүгө" алат


Түркиянын аскерий кемелери Жер Ортолук деңиздин чыгыш жээгин күзөтүп, Израилге байкоо салып турат жана “Израил Жер Ортолук деңизинде эмне каалаганын кыла албай калат”. Бул жөнүндө премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган 15-сентябрда Тунис шаарында Тунистин өкмөт башчысы Бежи Саид ас-Сабси менен кездешкенден кийин билдирди. Эрдоган Туниске Египеттен келген. Сапардын максаты Түркия-Израил мамилеси начарлап кеткен чакта Арап өлкөлөрү менен алаканы жакшыртууга багытталган.

Былтыр израилдик аскерлер Газага мыйзамсыз гумжардам тартып бараткан кемени токтоткону жатып, тогуз түрк жаранды набыт кылышкан. Ошондон кийин Анкара Израил менен аскерий кызматташууну токтотуп, болочокто Газага жөнөтүлчү гумжардамды кемелер коштоп барат деп эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG