Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Сириялык оппозиционерлер биригишүүдө


Сириялык оппозиционерлердин тобу президент Башар Ассаддын бийлигине каршы күчтөрдү бириктирчү кеңеш түздү.

Сириянын Улуттук кеңеши деп аталган бул бирикме антиассадчыл оппозициянын Түркиядагы кездешүүсүндө түзүлдү. Ырасмий билдирүүдө кеңешке тыш өлкөлөрдө сүргүндө жүргөн жана Сириянын өзүндөгү 140ка жакын саясатчы киргени айтылат.

Ассаддын режимине каршы элдик чыгуулар быйыл мартта башталган. БУУнун эсебинче, козголушчулар менен аскерлердин кагылыштарында 2600дөй адам өлгөн. Алардын көпчүлүгү карапайым жарандар.

XS
SM
MD
LG