Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Эл аралык байкоочулар миссиясы ишин баштайт


Адам укугу жана демократиялык институттар бюросу жана ЕККУ Кыргызстандагы президенттик шайлоого өз алдынча мандат менен байкоо жүргүзүшөт. Бүгүн адам укугу жана демократиялык институттар бюросу байкоочулар миссиясынын Бишкекте расмий ачылышына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүлөт. Анда миссия башчысы Корин Жонкер эл аралык байкоочулардын президенттик шайлоодогу ролу тууралуу маалымат бермекчи. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогоруда аталган эл аралык уюмдардын байкоочулары буга чейин да Кыргызстандагы президенттик жана парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүп келишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG