Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Пан Ги Мун: Башар Ассад өз убадаларын аткарган жок


БУУнун баш катчысы дүйнөлүк коомчулукту Сирия бийлигин массалык толкундоолордун катышуучулары, оппозиция өкүлдөрүнө куугунтуктоолорду токтотууга мажбурлоо үчүн биргелешкен аракеттерди жасоого чакырды.

Пан Ги Мун Сирия президенти Башар Ассад саясий каршылаштарына карата кескин чараларды колдонбоо тууралуу убадасында турбагандыгын белгиледи.

Сирияда бейшембиде массалык толкундоолордун башталгандыгынын жарым жылдыгына Ассаддын бийлигине нааразы болгондор жаңыдан каршылык акциясына чыгышты. БУУнун маалыматында нааразылык иш-чарасынын катышуучулары менен өкмөттүк аскерлердин кагылышуусунда жарым жылдан бери 2600дөн ашуун киши набыт болгон.

Сириянын жоон топ оппозиция өкүлдөрү Стамбулдагы жолугушуусунда Сириянын улуттук кеңеши деген өзүнчө жаңы өкмөт түзүү тууралуу макулдашты.

XS
SM
MD
LG