Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Кореядагы кыргыздар эгемендүүлүктү майрамдашты


Түштүк Кореяда жашаган кыргыздар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын жана Курманжан Датканын 200 жылдыгын майрамдоо иш-чараларын өткөрүшкөнүн "Азаттыкка" Сеул шаарынын кыргыздары маалымдашты. Дэдонг мектебинде өткөн спорттук оюндарга кореялык тараптан "Маннам" уюмунун 80 демилгечиси да катышты.

Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчилигинде консулдук каттоодон өткөн кыргызстандык жарандардын саны 501 адам болгону менен, учурда бул өлкөдө 4 миңдей кыргызстандык жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG