Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Дарыгерлер ВИЧке чалдыккандарга туура мамиле жасашы керек


Ош шаарында бүгүн алгачкы медициналык жардам берүү мекемелеринде, СПИД борборунда иштеген адистер жана наркологдор, тери-венерологдор үчүн ВИЧке чалдыккан адамдарга туура мамиле жасоону үйрөткөн семнар өтүп жатат. Аны уюштурууга АКШнын ЮСАИД программасы көмөктөштү. Буга чейин мындай семинарлар Бишкекте да өткөн болчу.

Адистердин айтымында, ВИЧке чалдыккандарга карата коомчулукта терс, чоочулоо мамилеси орун алып келгендиктен, мындай адамдар медициналык кеңеш алуудан баш тартып, жашырынып, башкаларды да жугузуп алуу коркунучунун себепкери болушууда.

Жалпысынан аталган долбоор 50 медициналык кызматын окутууну көздөп жатат. Расмий маалыматтар боюнча, учурда Кыргызстанда ВИЧ статусу бар адамдардын саны 3 663, алардын 392синики СПИД экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG