Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

“Балама ВИЧ илдети жукканын кеч билдим”


2007-жылы Ноокат районунда бир канча бала ВИЧ илдетин ооруканадан, дарыгерлердин калпыстыгынан улам жуктуруп алышкан. Алардын биринин апасы, аты жөнүн жашыруун калтырууну каалаган эже менен Ош облустук балдар ооруканасынын короосунда маектешип отурдук.

Ошол кезде бир аз чыргоолоп, дене табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу чүрпөсүн ооруканага алып келген эне, уулу минтип оор илдетке чалдыгарын таптакыр ойлобосо керек.

- 2009-жылы июнь айында гана билип калдым. Балам 3кө чыгып калган. Оорусу күчөп, башы, ичи чоң, буту-колдору ичке болуп, температурасы 38ден түшпөй атты. Ооруканага алып келсек ушундай анализ чыгып калды. ВИЧ инфекциясы үчүнчү стадиясына жеткен экен, аябай кеч билип калдым.

Ал жакында уулун балдар бакчасына берген. Бирок ушул тапта облустук ооруканада дарыланып жаткан экен.

- Тез-тез ооруп турат. Кичине эле бирөө тумоолоп калса ага да жугат. Ошон үчүн дайыма аярлап турам. Түндө да ооруп, кусуп, ооруканага түшүп калдык. Күндө эртең менен жана кечинде саат сегизде дары берип турам. “Эмнеге мен эле иче берем? Бериңиз беркилерге”, деп башка бир туугандарын айтат. Ичпей көгөрөт, таарынат. Момпосуй берем, тигини-муну алып берем деп алдайбыз.

- Колу-коңшулар, тууган-уруктар дегендей. Алар билишеби? Коомчулуктун уулуңузга болгон мамилеси кандай?

- Аябай дискриминацияга учурадык. Айыл өкмөтү жардам беребиз деп берген жок. Тескерисинче, тууган-уруктарга жайып, район боюнча бардыгы билип калышты. Азыр туугандар бизге жакшы мамиле кылышпайт, телефондон гана сүйлөшүп коюшат. Атасы да таштап кетти. Мага окшоп күйөөсү таштап кеткен үй-бүлөлөр көп. Бир дарыгердин айынан ушундай тагдырга туш болдук.

Курагы кырк жашты чамалаган айымдын алты уулу бар. Күйөөсү таштап кеткенден кийин шаарга келип, учурда баары чогуу батирде турмуштарын өткөрүп жатышат. Өзү эч жерде иштебейт. Уулуна деп өкмөттөн 3 миң сом жөлөк пул бөлүнөт. Мындан тышкары кол арага жарап калган уулу менен кызы иштешет.

Дары-дармекти СПИД борборунан алып турушат.

2009-жылы ВИЧ илдети аныкталгандан кийин сотко арыз менен кайрылышканын, бирок бүгүнкү күнгө чейин натыйжа жоктугун айтат.

Ал эми тиешелүү бийлик тарабынан жөлөк пулдан башка компенсация бериле электигине нааразы экенин билдирди:

- Энелердин атынан айткым келет: эмне үчүн июнь коогалаңында жабыр тарткандардын бүт баарына үй берди, эң кеминде 50 миң сомдон таратышты. Ошол окуяга төрт жылдан ашты. Биздин балдарыбыздын абалын эч ким сураган жок. Эми митингге чейин чыгып, моралдык, материалдык компенсация катары Ош шаарынан квартира, айылдагыларга жер береби, кандай кылат, энелер ошону талап кылганы даяр турат.

“Кайрат” юридикалык борборунун адвокаты Марина Гайнанова төрт жылдан бери ВИЧ илдетине чалдыккан балдар боюнча иш алып барат. Анын айтымында, 2007-жылы Ноокатта жана Кара-Сууда бир жаштан 14 жашка чейин бардыгы болуп 138 бала бул илдетти жуктурушкан. Юридикалык борбор алгач кайрылгандардын 12сине сот аркылуу 50 миң сомдон компенсация өндүрүп берген.

- Эгер ВИЧ инфекцияга балдар чалдыкса, алар 18ге чыкканча жөлөк пул берилет. Эгер андан чоң адамдар ооруга чалдыкса, иштеген стажына карап пенсия чыгарылат. Эгер дарыланып жаткан жеринен жуктуруп алса, бир жолку компенсация катары 50 миң сом өндүрүлсүн деп жазылган.

Юрист мамлекеттин ВИЧ илдети боюнча мыйзамынын иштөө механизмдери жок деген пикирде.

"Азаттыктын" архивинен: Үмүт шамы

Мындан төрт жыл илгери Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ооруканадан ВИЧ илдетин жуктуруп алган ымыркай балдардын алды учурда алты жашка, арты төрт жашка чыгып калды.

XS
SM
MD
LG