Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Сирияда өкмөттүк күчтөрдүн колунан 12 киши өлдү


Сириядан укук коргоочулар билдиргендей, бийликке каршы нааразылык акциясына чыккандар өкмөттүк күчтөрдүн чабуулуна кабылды. Ондон ашуун киши набыт болду.

Хомс жана Хама шаарларында массалык кагылышуулар жума намаздан кийин күч алды. Дамаскинин сыртында 12 жаштагы бала өлтүрүлдү.
Өткөн аптадан бери Түркия менен чектеш Жабал ал-Завия шаарында аскерий операция уланууда.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун президент Башар ал-Ассад саясий каршылаштарына карата кескин чараларды колдонбоо тууралуу убадасын аткарбагандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG