Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Мэрдин уулу катышкан кырсык боюнча өкмөт башчыга кайрылуу жолдонду


Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгында кызы каза тапкан У.Исмаилова аттуу жаран өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, баш прокурор Аида Салянова жана ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге кайрылды.

Кайрылуу катында кырсыкка күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо өтүнүчү айтылган. Маркум Алтынай Турусбекованын апасы Исмаилова мэрдин уулу 9-сентябрда бейтапканадан чыкканын, бирок ага айып коюла электигин айтып, "Азамат Исаев жоопкерчиликтен качууда" деп билдирген. Бул тууралуу 24.kg агенттиги бүгүн жазып чыкты.

6-сентябрда ИИМ экспертиза августта орун алган бул жол кырсыгында мэрдин уулунун күнөөсү бар экендиги аныкталгандыгын билдирген.

Буга байланыштуу шаар башчысы азырынча комментарий бере элек. (ЕК)

XS
SM
MD
LG