Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Үгүттүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн жумушчу топ түзүлдү


Бул тууралуу БШК мүчөсү Канатбек Абдукадыров Коомдук каналдан
билдирди. Ал өлкөдө президенттик шайлоо алдындагы үгүт 25-сентябрдан тарта башталарын белгилеп, бирок айрым талапкерлер мөөнөтүнөн мурда кыйыр үгүт жүргүзүп жатканын айтты. Андыктан БШК көчө жарнактары жана басма сөз аркылуу “кыйыр үгүт жүргүзүп жатат” делген талапкерлер үгүт маалында ушул эле жарнактарды колдонсо маарадан алууга чейин барат.

Учурда Боршайком бул жарнактарга төлөм талапкерлердин шайлоо фондунан жүргүзүлүп жатканын териштирүүдө.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. Ага карата
үгүт иштери 25-сентябрда башталат. Президенттикке талапкерлер саны учурда – 31. (ЕК)

XS
SM
MD
LG