Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Азаров: Евроинтеграцияны Тимошенко менен байланыштыруу туура эмес


Украинанын премьер-министри Микола Азаров өлкөнүн Евроинтеграциясын мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун соттолушуна байланыштыруу туура эмес иш деп билдирди.

Алдыңкы күнү Германиянын канцлери Ангела Меркел Украина президенти Виктор Януковичке телефон чалып, сот системасы саясий оппоненттерге каршы курал катары колдонуп жатат деген тынчсыздануусун айткан эле. Меркел Европа биримдигинин жардамы Украинадагы демократия жана мыйзам үстөмдүгүнө багыңкы деп белгилеген. Канцлердин маалымат катчысы билдиргендей, Меркел телефон сүйлөшүүсүндө коррупция үчүн айыпталып жаткан Тимошенкону басып көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG