Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Ирандагы америкалык туристтер жакын арада бошотулушу мүмкүн


Ирактын Тегерандагы элчиси тыңчылык үчүн айыпталып жаткан америкалык 2 жаран ушул дүйшөмбүгө чейин койо берилиши мүмкүн деп билдирди. Назем Дабаг "Ройтерс" менен маегинде белгилегендей, Иран президенти Махмуд Ахмадинежад БУУнун Башкы ассамблеясына жөнөп жаткан учурда өлкөнүн аброюн көтөрүү үчүн америкалыктар визитке чейин эркиндик алышы ыктымал.

Анын алдында Ирак президенти Жалал Талабани туристтерди койо берүү сүйлөшүүлөрүнө арачылык кылган.

Шэйн Баэур менен Йош Фаттал өткөн айда 8 жылга түрмөгө кесилген. Алар 2009-жылы Иран менен Ирактын чек арасында кармалып, "тыңчылык" жана "өлкөгө мыйзамсыз кирүү" деген беренелер боюнча айыпталган. Ахмадинежад өткөн аптада алар дароо бошотулат деп айткан, бирок Ирандын сот системасынын өкүлдөрү президенттин билдирүүсүн талашып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG