Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Чолпон-Атада жер талашка түштү


Чолпон-Ата шаарында ушу тапта көл жээгинде 16 боз үй тигилип, 200дөй адам чогулуп турат. Алар "Элдин жерин элге" деген жазууларды кармап турушат.

"Азаттыктын" облустагы кабарчысынын маалымдашынча, алар мурда жеке уюмдарга берилип кеткен 24 гектар жерди кайрадан жергиликтүү эле кайрып берүүнү талап кылышууда.

10 жыл мурда «Бакыт», «Юрист» жана «Дага-Сити» деген уюмдардын ар бири 49 жылга чейин пайдаланууга 8 гектардан жер алышкан. Бирок, азыркыга чейин алар жергиликтүү бийлик менен макулдашкан шарттарды аткарбай, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жасабай келишкенин шаар мэри Мирлан Маратов билдирди. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG