Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

УКМК: Карамай аткезчилиги боюнча 18 факт катталды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеңештеги Коопсуздук жана коргоо комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу дээрлик токтоп калды деп билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери Кыргызстандан Баткен аркылуу Тажикстанга күйүүчү майды уруксатсыз алып өткөн 18 факт катталган, 7 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан 36 миллион сомдук карамай кармалды. Азыр чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөт карамай аткезчилигин тыюу үчүн 9-сентябрда атайын штаб түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG