Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Евросот Орусияга каршы берилген арыз боюнча чечимин чыгарды


Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын өкмөтү ЮКОС мунай компаниясына каршы жараяндар учурунда айрым укук бузууларга барган деп тапты. Бирок сот иштери ЮКОСту атайлап талкалап, анын активдерин ээлеп алуу үчүн пайдаланууга аракеттенген далилдер табылбаганын белгиледи. ЮКОСтун укугун коргогон адвокат Пирс Гарднердин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтканына караганда, сот чечими алар үчүн баары бир ийгиликтүү болду:

-ЮКОСко салык боюнча милдеттемелер тагылган соттук териштирүүлөрдүн адилетсиздиги жөнүндөгү аныктамаларда эч шек жок. Европа соту ЮКОСтун укугу бузулган деп тапты.

ЮКОС мунай компаниясы 2007-жылы жоюлган. Анын мурдагы акционерлери Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, келтирилген зыян үчүн орус өкмөтү 98 миллиард доллар компенсация төлөп беришин талап кылышкан. Бирок сот компенсация маселеси боюнча чечим кабыл алган жок.

ЮКОСтун мурдагы башчысы Михаил Ходорковский көз бойомочулукка барган, салык төлөөдөн качкан деген айып менен кесилип, түрмөдө олтурат. Бирок анын жактоочулары Ходорковский В. Путиндин саясатына каршы чыкканы үчүн гана соттолду деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG