Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

ЭВК: Дүйнөлүк экономика “коркунучтуу” баскычка кирүүдө


Бул тууралуу Эл аралык валюта кору Дүйнөлүк экономиканын келечеги боюнча жаңы жарыялаган баяндамада айтылат. Дүйнөлүк экономика үчүн олуттуу тобокелчиликтер катары Эл аралык валюта кору евроаймактагы карыз кризисин, АКШнын экономикалык абалы морт болуп турганын атайт.

Валюта корунун болжолунда быйыл дүйнөлүк экономика 1,5%, келерки жылы 4%га өсөт. Ал эми былтыр дүйнөлүк экономикадагы өсүш 5%ды түзгөн эле. Дүйнөдө экономикалык өсүштүн кайра басаңдай башташын Эл аралык валюта кору “евроаймактагы каржылык бейстабилдүүлүк өңдүү” факторлорго байланыштырган.

XS
SM
MD
LG