Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Азиза Абдирасулованын уулун милиция кармап кетти


Бүгүн кечки саат сегиз жарымдар чамасында белгилүү укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын кичүү уулу, 19 жаштагы Марсел Абдирасуловду Бишкектин четиндеги үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап, B 39 20 BA мамлекеттик номериндеги ак түстөгү Жип унаасына күчтөп салып кеткени тууралуу маалымат тарады. Укук коргоочунун кызы Гүлшайыр Абдирасулова "Азаттыкка" ушундай окуя болгонун тастыктап, учурда өзү да, апасы да Ош шаарында жүргөндүктөн окуянын чоо-жайынан толук кабардар эместигин, инисин белгисиз адамдар күчтөп унаага салып кеткенин үйдөгү кичүү сиңдиси көрүп калганын гана билдирди. Көп өтпөй Марсел Абдирасуловду Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишкени белгилүү болду.

Аталган РИИБинин нөөмөт бөлүмүнөн Марсел Абдирасулов ээнбаштык үчүн шектелип кармалганын, азыр маселе иликтенип жатканын "Азаттыкка" билдиришип, азырынча мындан башка маалымат бере алышпастыгын айтышты.

Окуянын башка чоо-жайы азырынча белгисиз. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова абак жайлардагы кыйноо фактыларын утур-утур ачыкка чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG