Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Иштамберди кенинде алтын байытуучу ишкана ачылууда


Aла -Бука районунда жайгашкан кытай компаниясы алган Иштамберди кенинде алтын байытуучу ишкана 21-сентябрда ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенаманов ырастады. Министрдин айтымында, ал жерде мурдараак жергиликтүү тургундар нааразы болгон маселелер жөнгө салынды:

-Мындан он эки –он үч мурда эл менен атайы барып жыйын өткөргөм. Эл койгон маселелердин, талаптардын баары чечилген. Азыр эч кандай проблема жок.

Алтындын кору 80 тоннага чейин деп болжолдонгон Иштамберди кенин казуу укугун 2005-жылы кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы алган. Ала -Бука районуна коңшу Чаткалдын Терек Сай айылынын компания алтын байытууда цианид колдонгону жатат деп ырастаган тургундары өткөн айдын орто ченинде кенге алып баруучу жолду торошкон. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар алардын өкүлдөрүнө кытайлык жумушчуларга салыштырмалуу айлык акы аз төлөнөрүнө нааразылык билдиришкен. Бул нааразылык акцияларына байланыштуу кенде курулуп калган фабриканы ишке берүү мөөнөтү кийинкиге калтырылган эле.

Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн тараткан кабарга караганда, кытайлык компания алтын байытууда уулуу цианид затын колдонбостон, флотациялык ыкма менен жүргүзүү чечимине келген.

Иштамберди -Кыргызстандын ири алтын кендеринин бири. Ал жерде ачылуучу фабрика алтын байытуучу төртүнчү ишкана болот.

XS
SM
MD
LG