Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

БШК алты талапкерди каттоодон баш тартты


Борбордук шайлоо комиссиясы 20-сентябрда жетиштүү анык кол топтой алган эмес деген негизде Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиева, Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков жана Калыбек Арабаевди каттабай койду. Мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калган Арсланбек Малиев да катталган жок.

Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” курган маегинде БШКны бут тосуп жатат деп күнөөлөдү. Анын айтымында, 35 миңден ашуун кол топтогон, бирок Боршайком анын дээрлик жарымын жаратпай салды.

БШК ушул күнү эң биринчилерден болуп "Ата Журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду каттап, күбөлүк тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG