Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Эл аралык байкоочулар журналисттердин ишине көңүл бурат


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан келген эл аралык байкоочулар өз ишинде негизги көңүлдү массалык маалымат каражаттарынын ишине бурат. Бул тууралуу Кыргызстандын Боршайкомунун төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен болгон жолугушууда байкоочулар миссиясынын жетекчиси Корнелия Йонкер билдирди.

БШК президенттик шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзө алат деп 40 телерадиокомпанияны жана 103 гезит-журналды каттаган. Жергиликтүү маалымат агенттиктерине мындай укук берилбей койгон. Шайлоо 30-октябрда болот. Үгүт иштери 25-сентябрда башталат. ЕККУдан байкоочу катары 400гө жакын адам келет. (RK)

XS
SM
MD
LG