Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Ошто Райымбердиевди колдоп, аянтка атчандар чыкты


Ушу тапта Ош шаардык мэриясынын алдында милициянын генералы Расулберди Райымбердиевдин туугандары жана тарапкерлери чогулуп, анын коё берилишин талап кылып жатышат. Мэриянын басма сөз катчысы Гүлжан Ажыматованын "Азаттыкка" билдиришинче, 100гө жакын адам чогулуп турушат, алардын арасында он чакты атчан да жүрүшөт. Негизинен Райымбердиевдин туулган айылы - Төлөйкөндөн жана Туран кичи районунан келгендер көп.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Райымбердиев президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча кечээ кармалган. Азырынча ага карата баш коргоо чарасы аныктала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG