Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Мадумаров Жаныш Бакиев менен жолукканы айтылды


Бир жарым ай мурда Оштун Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айылында мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев менен мурдагы Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров жолугуп, чай ичишкен.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Калмаматов айтып чыкты. "Эгер президенттикке талапкер адам Жаныш Бакиев менен жолугушуп жатса, мунун аягы эмне болот?"- деп суроо салды ал ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевге.

Мелис Турганбаев бул маалымтты мурда укпаганын айтты.

Апрел окуяларына чейин Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келген Жаныш Бакиевге 7-апрелде Бишкекте митингчилердин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кине тагылган. Андан тышкары бийликтегилер аны президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө буюртма берген деп күнөөлөп жатышат. Жаныш Бакиевге эл аралык издөө жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG