Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

АКШ президенти бүгүн палестин лидери менен жолугат


Бул тууралуу Ак үй билдирди. Барак Обама палестин лидери Махмуд Аббас менен АКШ Палестинанын өзүнчө мамлекет катары БУУда таанылуу мүдөөсү боюнча эл аралык карама-каршылыкты алдын алууга аракеттенип жаткан кезде жолугууда.

АКШ мурдараак эгер Палестинанын БУУга мүчө болуу арызы Коопсуздук кеңешинде добушка салынса, вето укугун пайдаланарын эскерткен.

АКШ жана анын өнөктөшү Израил Палестин мамлекети эки тараптын тикелей сүйлөшүүсүнүн натыйжасында гана түзүлүүсү керек деп эсептейт. Бирок палестин тарап сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганын айтууда.

АКШ президенти бүгүн палестин лидери Махмуд Аббас менен катар бүгүн Нью-Йоркто Израилдин премьер-министри менен да кездешет.

Бул аралыкта Орусия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Москва АКШ менен Израилдин каршылыгына карабай Палестинанын БУУга мүчө болуу мүдөөсүн колдой турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG