Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Обама: Израил-Палестина талашын чечүүчү жалгыз жол-сүйлөшүү


АКШ президенти Барак Обама Палестин автономиясынын БУУда расмий таанылышын алдын алуунун акыркы аракети катары палестин лидерлерин Израиль менен талашты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө кайрадан чакырды:

-Акыр аягында аларды бөлгөн маселер: чек ара, коопсуздук, качкындар, Иерусалим боюнча боюнча биз эмес, израилдиктер жана палестиналыктар макулдашууга жетишүүсү керек. Биздин сөздөрүбүз аяктап, добуштарыбыз саналгандан кийин тынчтык узак мезгил бирге жашоочу адамдар арасындагы мунасага көз каранды болот.

Барак Обама бүгүн Нью Йоркто палестин лидери Махмуд Аббас жана Израилдин премьер-министри Биньяминь Нетаньяху менен жолукканы жатат. Махмуд Аббас Палестинаны БУУга мүчөлүккө алууну 23-сентябрда Башкы ассамблеяда сүйлөгөн учурунда өтүнөрү күтүлүүдө.

Вашингтон мындай кадамга каршы жана Палестинанын өтүнүчү Коопсуздук кеңешине чыгарылганда вето саларын эскерткен. Бирок Башкы ассамблея БУУдагы 193 өлкөнүн үчтөн экиси колдосо, Палестинаны мүчө эмес мамлекет катары тааный алат. БУУдан түшкөн кабарларга караганда, палестиналыктар мындай колдоого ээ болушу ыктымал.

АКШ президенти Барак Обама БУУдагы сөзүндө быйыл араб дүйнөсүн каптап, Тунис, Египет, Ливияда авторитардык режимдерди кулаткан тарыхый окуяларга да токтолду.

Ал ошондой эле АКШнын Ирактан аскерлерин ушул жылдын аягына чейин толук чыгаруу, Ооганстандагы аскерлеринин санын азайтуу боюнча милдеттемесин кайталады.

Орусияны өзөктүк куралдын глобалдык корун кыскартууда кызматташтыкты улантууга чакырды.

XS
SM
MD
LG