Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

УКМКнын басма сөз кызматы Акыйкатчынын айткандарын төгүндөдү


Акыйкатчынын соңку билдирүүсүнө байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматы 7- сентябрдагы пресс-релизин дагы бир жолу таратты. Анда 20-майда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында адамды мерт кылган автоунаа УКМКга караштуу экени ырасталып, бирок рулда Таалайбек Адыранов ысымдуу айдоочу болгону айтылат.

Мунун алдында Акыйкатчы Турсунбек Акун Бактыбек Сулайманов ысымдуу 28 жаштагы жаран каза тапкан жол кырсыгында УКМКнын автоунаасын айдоочу эмес, аталган мекеменин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев өзү айдап баратканын, буга журналисттерде далилдүү маалымат бардыгын билдирген. Акыйкатчы ошондой эле аталган жол кырсыгын дыкат иликтөө өтүнүчү менен президенттин дарегине кат жолдоп жатканын кошумчалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG