Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Басма сөз: Бөлүнбө, кыргыз!


Гезиттер окурмандарын өлкө ичиндеги турмуштун ар кыл жактары менен тааныштырууга шашылды...

“Апта” гезити “Ынтымакка кел, кыргыз!” деген рубриканын алдында саясат таануучу Табылды Акеровдун “Бакиевдер өз адамдарын бириктирип, Кыргызстанга башаламандыкты салууну көздөшүүдө” деген аталыштагы маегин жарыялады.

- Коомчулукта, а түгүл гезит беттеринде Жаныш Бакиевден айрым талапкерлери биригип, блок түзгүлө деген буйрук түшкөнү туурасында маалымат жарыяланды. Эл муну кандай кабыл алат деп ойлойсуз?-деген “Апта” гезитинин суроосуна:

- Бакиевчилердин биригүүсү өздөрүнүн эрки менен эмес, Жаныш Бакиевдин буйругу менен болгондуктан бул кадам элге тескери реакция берет. Себеп дегенде апрель революциясында 87 адам курман болду, андан кийин Ош коогалаңы болуп өттү. Эми болсо Медет Садыркуловдун өлүмүнө Жаныш Бакиев түздөн түз тийешеси бар фигура экендиги ачыкка чыкты. Эки талапкер биригип кеткен күндө да айрым жерлерде аларды эл кабыл албай коюшу мүмкүн. Бакиевдер сөзсүз түрдө бийликке өз адамдарын алып келүү үчүн эмес, Кыргызстандын туруктуулугун жок кылуу максатында иштеши мүмкүн. Алар шайлоого алып чыккан өз адамдарын акчанын күчү менен тукуруп, түндүк-түштүк маселесин, улуттар аралык абалды кайра курчутуп, Кыргызстанга башаламандык салууну көздөөрү толук ыктымал. Кудай бизди ошондон сактап, амбициясы башынан ашкан талапкерлер акылына келер деп үмүт арта туралы,-деп жооп берди Табылды Акерoв.

“Айат” гезити “Кош дегим келбейт, кош дегим” деген баштеманын алдында маркум Мелис Эшимканов тууралуу эскерүүлөрдүн топтомун басты.

Ушул эле гезитке онкологиялык оорулар боюнча Улуттук борбордун генералдык деректири, профессор Накен Касиевди Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги
ишинен негизсиз бошоткондугуна байланыштуу президент Роза Отунбаевага, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин атына жолдогон нааразылык кат жарык көрдү. Катка эл баатырлары Турдакун Усубалиев, Күлүйпа Кондучалова, Бексултан Жакиев жана Д. Жумагулов, А. Муралиев, А.Эркебаев, Б. Акунов, А. Акматалиев жана башкалар колдорун койгон.

“Параграф” гезити “Азаттык” радиосунун кабарчысы Венера Сагындык кызынын журналист Сыргак Абдылдаев менен маегин көчүрүп жарыялады. Маектин аты “Садыркуловдо “бомбага” тете жашыруун сырлар бар болчу” деп аталат.

БЭК саясый партиясынын тең төрагасы Руслан Бекназаровдун маеги “Жалал-Абадда жаштар элибиздин биримдиги үчүн чогулушту” деп аталды.

Руслан жаштар ал жыйында резолюция кабыл алганын, түндүк-түштүк деген терминди такыр эле колдонбогула деп саясатчыларга, массалык маалымат каражаттарына чакырык ташташканын, резолюцияга президенттикке талапкерлердин баары кол койгондон кийин элди бөлүп-жарууга үндөгөндөрдүн аттарын ачык айтарын билдирди.

“Айгай” гезити “Түлеев. Так талаш. Байлык”. “Бир чындык”, “Матрешка-гейт” ишин кайра кароо сунушталууда”, “Мадумаров Бакиевдердин долбоорубу?”, Эмне үчүн Рысбек Акматбаев, Үсөн Кудайбергеновду өлтүргөндөр кармалбайт?”, “Кыргыздын кайсы жетекчиси Жусуптай боло алды?” деген майда кбарлар менен кошо ар кандай темадагы макалаларды сунуш кылды.

Аталган гезит ошону менен бирге эле “Урааным-Манас, улутум-кыргыз” деген ат менен “Манас” коомдук кыймылынын кайрылуусун, Ногойбай Султановдун “Кытаймания” деген макаласына окурман көңүлүн бурду.

“Пресс.kg” гезити бул санын Жумаш Назаровдун “Такталаш” деген сандан санга жарыяланып келаткан макаласы менен ачты. Макалада бийлик маселеси жиликтенген.

Ушул эле гезитке президенттин админстрация башчысы Эмил Каптагаевдин “”Водолазды” колдойт деген маалымат калпыс” деген чакан маегин жана Эмил Атабековдун “Иманкулов көшөгөсүн тартынган генералдар атакасы Улуттук коопсуздук комитетин жеп тынабы?” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды.

Акыркы макалада кезинде КГБ деп аталган өтө сырдуу жана кубаттуу мамлекеттик мекеменин кийинки кездеги татаал тагдыры, азыркы быкы-чыкысы туурасында кеп болот.

“Асман преss” гезити Акылбек Солтобаевдин “Мадумаров менен Ташиев Жаныштын “кукласына” айландыбы?”деген макаласын тартуулады.

Азима Акунованын макаласы “Бакытка тор жайчу казинолор коомго керекпи” деген суроого жооп издеди.

Аталган гезит журналист Айданбек Акмат уулунун “Турганбаев кылмышты өз маалында айтпайбы?” деген ат менен саясатчы Адахан Мадумаровдан алган маегин жана анын алдына журналист Айнура Жекше кызынын “Садыркуловдун иши шайлоонун саясаты эмес” деген ат менен генерал Мелис Турганбаевдин маегин тартуу кылды.

“Де-факто” гезити “Садыркуловдун жашыруун даярдалган, бирок окулбай калган докладын” басып чыкты.

Ушул эле докладдын жанына Элмира Ибраимованын Садыркуловдун жашыруун планын, ал тууарлуу жазылган “Кандуу жол” китебинин жана башка сырларды ачкан маегин кошо жарыялады.

Элмира Ибраимова “Кандуу жол” китебинин автору Эмил Каптагаев экенин, кыргызчасын Каптагаев, орусчасын Болот Шер жазмак болгонун, бул китеп үчүн Эмил бир өлүмдөн калганын жана башка белгисиз жагдайларды ачыкка чыгарды.

“Учур” гезити бул санын гезиттин башкы редактору Арслан Сартбаевдин “Шумкар боосун үзүп кетти” деген ой толгоосу менен ачты.

Маркум Мелис Эшимкановду эскерген калемдештеринин жазгандары бул басылманын калган беттеринде уланды.

Генерал Өмүрбек Суваналиевдин маеги “Максимдин дүргүгөн олигархтары Атамбаевди колдоп атышат” деген ат менен жарык көрдү.

“Ата Мекен” жанан “Ар-Намыс” фракцияларын жиликтеп, анын акы-чүкүлөрүн сынга алган журналисттер Сабыр Муканбетов менен Сакен Бөрүбаевдин макалалары “Жакалашмай” жана “Ар-Намыс” кыздын койнуна киргендей” деп аталды.

“Учур” гезити андан ары “Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүүлөрдүн тизмеси узарууда”, Уурдалган мунайдын артында кимдер турат?” деген макалаларды,

Улуу Курултайдын Улуттук Кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин “Максатыбыз-өнүгүүнүн кыргыз жолуна түшүү” деп аталаган маегине окурман көңүлүн бурду. Маектин катарына Улуу Курултайдын резолюциясы жарыяланды. Резолюциянын
3-беренесинде –Улуттук Улуу Курултай- өкүлчүлүктүү, бийлик бутактарын түзө турган жана көзөмөлдөй турган эң жогорку мамлекеттик бийлик органы деп таанылсын” деген сөздөр бар.
XS
SM
MD
LG