Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Бабанов чек арачыларды тартипке чакырды


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 21-сентябрда УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын төрага орун басары Таалайбек Адашпасовго Оштогу аба майданда чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин тыюуну, өтмө бекеттерди тартипке салууну тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Бабановго Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар Ош аба майданында каттоодон өтүп жатканда чек арачылар мыйзамсыз акча чогултуп жатканын айтып даттанышкан. Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов мындай фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн “Азаттыкка” маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG