Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Валюта Кору Дүйнөлүк Банкта коркунуч барын эскертти


Эл аралык Валюта кору дүйнөлүк каржы системасы 2008-жылдагы финансылык кризистен берки мезгилде сырткы коркунучтарга айрыкча сезимтал болуп тургандыгын билдирди. Глобалдык финансылык стабилдүүлүк деп аталган жылына эки ирет жарыялануучу отчетунда кор банк системасына жана экономикалык оңолууга коркунуч келтирген жагдайлар менен күрөштө убакыт аз калып баратканын белгилейт. Отчетто айрым европалык банктар айрыкча чабал болгондуктан, алардын капиталын тез арада бекемдөө керектиги айтылат. Шейшембиде Валюта кору Европанын, АКШнын Жапониянын өсүш божомолун төмөндөткөн эле.

XS
SM
MD
LG