Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

"Иштамберди" ишке киришти


Жалал-Абад облусунда "Иштамберди" алтын кен комбинаты ишке киришти. 21-сентябрда анын ачылыш салтанаты болду. Ишкананы кытайлык тарап каржылаган «Full Gold Mining» компаниясы иштетет. Лицензиялык макулдашуу 2017-жылга чейин деп бекитилген. Комбинат 1 жылдын ичинде курулуп бүттү. Аны ачууга 96 миллион доллар инвестиция тартылган. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, компания иштете турган жерде 45-50 тонна алтын бар. Буга чейин ишкананын ачылышына каршы жергиликтүү тургундар тарабынан уюштурулган акциялар өткөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG