Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Шайлоо-2011: Тил сынагына экөө киргизилген жок


Президент болом деп БШКга кайрылгандардын экөөнү - Токтайым Үмөталиева жана Нариман Түлеевди Боршайком бүгүн өтүп жаткан тил сынагына киргизбей койду. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, алар сынакка чакырылбаса да келип алышкан. Бир топ кайым айтышуулардан кийин Үмөталиева да, Түлеев да кетип калышты.

БШК мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, эгер сот БШКнын чечимин туура эмес деп тапса, анда келерки ишемби, жекшемби күндөрү атайын кошумча сынак уюштурулушу мүмкүн.

20-сентябрдагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясы жетиштүү анык кол топтой алган эмес деген негизде Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиева, Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков жана Калыбек Арабаевди каттабай койгон.

Үмөталиева да, Түлеевдин өкүлдөрү да БШКнын бул чечимине макул эместигин айтып келишет.

Тил сынагына катышыш үчүн 100 миң сомдук күрөө коюп, 30 миңден кем эмес кол топтош керек. Кыргыз тил сынагынан өтө алса, ал киши талапкер болуп каттала алат. Шайлоо 30-октябрда өтөт. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG