Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Өмүрбек Текебаев билдирүү жасайт


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирүүсүндө реваншисттик күчтөр бийликке келүүгө аракеттенип жатат деп, Кыргызстандагы реформаларды алдыга жылдырууга, демократиялык өнүгүүгө умтулган күчтөрдү чогуу аракеттенүүгө чакырары болжолдонууда. Мындай маалыматты "Азаттыктын" ишенимдүү булактары тастыкташты. Депутат Текебаев билдирүүсүндө президенттикке талапкерликтен баш тартаары тууралуу да жарыя кылат деп болжолдонууда.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - президенттик жарышка чыгуу ниетин билдиргендердин тизмесинде. БШКнын маалыматы боюнча ал талапкер катары каттоодон өтө элек, бирок мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынан өтүп, 30 миң кол топтогон жана күрөөгө 100 миң сом койгон.

Буга чейин 30-октябрда боло турган президенттик шайлоого талапкер болууну көздөгөн 6 саясатчы жана "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов шайлоодо тилектеш болуу ниети тууралуу билдирүү таратканы кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG