Жалал-Абаддагы Өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыровго карата сот жараянында бүгүн 2 жабырлануучу жана 3 күбө көрсөтмө беришти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады. Анын айтымында, соттун кийинки отуруму 28-сентябрда болот.
Кадыржан Батыров менен дагы 5 адамды 2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштурууга тиешеси бар деп соттоп жатышат. Күбөлөрдүн саны 300, жабырлануучулардыкы 60 адам. Кылмыш ишин Жалал-Абад шаардык соту териштирүүдө.(RK)