Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Кыргыз-грузин маданият күндөрү өтөт


Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда өз ара маданият күндөрүн уюштуруп, жаштардын кызматташуусуна шарт түзүп берүү зарыл. Бул тууралуу чечимдер кыргыз президенти Роза Отунбаева менен Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин Нью-Йоркто өткөн жолугушуусунда кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери бажы кызматы, мамлекеттик каттоо жургүзүүдө жана башка тиешелүү уруксат берүүчү кызматтар тарабынан калкты сапаттуу тейлөөсүн жогорулатуу керектигин белгилешти. Роза Отунбаева сот тутумун реформалоого кыска токтолуп, ушул багытта Михаил Саакашвили Грузиянын тажрыйбасы жөнүндө кыскача айтып кетти.

Президент Отунбаева Нью-Йоркто БУУнун Баш ассамблеясынын отурумуна катышуу жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн барган. (RK)

XS
SM
MD
LG