Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Йеменде кан төгүүлөр уланууда


Йеменде өкмөттүк күчтөр менен качкын аскерлер ортосундагы акыркы кагылышта бери дегенде 16 адам окко учту. Жарадарлардын саны 50дөн ашты.

Президент Али Абдулла Салехке ишенимдүү күчтөр менен армияны калтырып кеткен аскерлер арасында согуш уланууда. Бириккен Араб Эмирлигинде жайгашкан “ал-Арабия” телеканалынын маалымдашынча, аскерлер Санаада акыркы күндөрдөгү тирешүүдө курман болгондорду эскерип жаткан адамдарга минометтон ок жаадырган. Кабарларга караганда, жекшемби күндөн тарта негизинен Санаада өтүп жаткан кагылыштарда набыт болгондордун саны 80ге жетет. Тирешүү кезиндеги ашыкча зордук-зомбулуктарга байланыштуу шаршемби күнү эл аралык "Кызыл Крест" уюму тынчсыздануу билдирген.

XS
SM
MD
LG