Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

МВФ: Дүйнөлүк финансы системасы чайпалып турат


Дүйнөлүк финансы системасы 2008-жылкы финансылык кризистен бери азыркыдай начар абалда болгон эмес. Бул жөнүндө Эл аралык валюта фонду - МВФ билдирди. Уюмдун глобалдык финансылык туруктуулук боюнча ар жарым жылда жарыяланчу докладында, утурумдук кыйынчылыктар менен күрөшүү банк системасына жана экономиканын оңолушуна коркунуч туудуруп жатканы белгиленет. Ошондой эле докладда кээ бир европалык банктар өтө чабал, аларга өздүк корунун өлчөмүн кеичктирбей көбөйтүү зарыл деп да көрсөтүлөт. Шейшемби күнү Эл аралык валюта кору Евробиримдик, Кошмо Штаттар жана Жапониянын экономикалык өсүүсү боюнча мурда берген прогнозун бир кыйла төмөндөткөн.

XS
SM
MD
LG