Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Кыргызстан майыптардын укугу боюнча Конвенцияга кошулду


Кыргызстан БУУнун майыптардын укуктары боюнча Конвенциясына кошулду. Бул тууралуу документке Нью-Йоркто президент Роза Отунбаеванын катышуусунда кол коюлду. Президенттин айтымында, бардык жарандардын тең укуктуулугун камсыз кылуу багытында өлкөдө аракеттер жасалууда. Роза Отунбаева бул иште Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун ишмердүүлүгүнө өзгөчө баа берди. Майыптардын укуктары боюнча Конвенция 2006-жылдын декабрында БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынган. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда бүгүн майып адамдардын саны 120 миңдин тегерегинде, алардын 60 пайызы ишке жарактуу курактагылар. (RK)

XS
SM
MD
LG