Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

МВФтин кабары фондулук рынокту капсалаңга салды


Эл аралык валюта корунун билдиришинче, дүйнөлүк каржы системасы 2008-жылкы финансылык кризистен берки эң начар абалда. Уюмдун глобалдык финансылык туруктуулук боюнча ар жарым жылда жарыяланчу докладында, утурумдук кыйынчылыктар менен күрөшүү банк системасына жана экономиканын оңолушуна коркунуч туудуруп жатканы айтылат. Ошондой эле кээ бир европалык банктар өтө чабал, аларга өздүк корунун өлчөмүн кечиктирбей көбөйтүү зарыл деп да көрсөтүлөт докладда.

Бул кабар фондулук рынокко тескери таасир этти. Нью-Йорктун баалуу кагаздар биржасында АКШлык ири компаниялардын акцияларынын өтүмдүүлүгүн көрсөткөн Доу Жонс индекси 3 пайыздан көпкө төмөндөдү. Европанын фондулук рыногунда акциялардын наркы 4 проценттен да көпкө пастады. Азиянын баалуу кагаздар рыногу бул кабардан мурда жабылган эле.

XS
SM
MD
LG