Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Жарыктан да тез учкан бөлүкчөлөр табылды


Окумуштуулардын эл аралык тобу Алберт Эйнштейндин аалам тууралуу эбактан берки теориясына шек келтирүүчү ачылыш жасашкандыгын жарыялашты. Өзөктүк изилдөөлөрдүн Европалык борбору билдиргендей, жарыктан да тез кыймылдаган нютрино деп аталган бөлүкчө табылды. Женеванын жанындагы акселератордон 730 чакырым алыс жайгашкан Италиядагы лабораторияга жиберилгенде, атомдон кичине болгон бул бөлүкчө жарыктын ылдамдыгынан 60 нано-секунд тез учкан. Эйнштейндин 1905-жылдагы теориясында жарыктын ылдамдыгы космостук туруктуу ылдамдык деп ырасталып, ааламда эч бир башка бөлүкчө мындан тез жүрө албайт деп айтылат.

XS
SM
MD
LG