Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

Түлеевдин БШКга каршы арызы сотто каралат


Талапкерликтен четтетилген Нариман Түлеев Борбордук шайлоо комиссиясын туура эмес маалымат берип жатат деп айыптады. "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКнын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы менен макул эместигин, бүгүн бул ишти Биричи май райондук соту караганы жатканын билдирди.

Ушундай эле арыз менен дагы бир талапкер Токтайым Үмөталиева да сотко кайрылган. БШК Түлеевди жетиштүү анык кол топтогон эмес деп каттабай койгон болчу.

БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 22-сентябрда парламенттин жыйынында Түлеевдин Боршайкомдун текшерүүлөрү боюнча дооматы жок деп айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG