Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Чет жакта иштегендердин үй-бүлөлөрү жардам алышты


Кыргызстандын элүүгө жакын айылында жашаган кирешеси аз 1 490 үй-бүлө Дүйнөлүк банктын жардамын алды. Алардын жакындары башка өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүргөндөр. Көпчүлүгү аялдар болгон 235 топ түзүлүп, аларга бадыраң жана помидордун үрөнү берилген. Түшүмдүн жарымын сатып, калганын кышкыга жаап алышты.

Айыл чарба министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн маалымат катчысы Ирэна Байтанаеванын айтымында, ал топтор өзүнчө фонд болуп биригип, башка айыл тургундарына жардам бере башташты.

Кыргызстандан иш издеп кеткендердин көпчүлүгү Орусияда. Расмий маалыматтар боюнча, Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын саны 500 миңдин тегерегинде. Бирок чынында алар бир миллионго жакын экени бейрасмий айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG