Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Талапкерлерге “Ар-намыс кодексине” кол коюу сунушталат


Бул тууралуу Бишкектеги ЕККУ борборунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

“Ар-намыс кодекси” аркылуу талапкерлердин шайлоо алдындагы иш-аракеттери жөнгө салынат. Кодекс ЕККУнун Бишкектеги борбору, Улуттук демократия институту, Саясый партиялардын парламенти тарабынан даярдалган.

Кодексте шайлоочулардын добушу сатып алуу, коркутуу, эл чогулган жерлерде ичкилик колдонуп, баңгизатын, курал-жарак таратуу өңдүү аракеттерге тыюу салынган.

Мындан тышкары, талапкерлерге жарандардын социалдык, диний, расалык, улуттук жана жердешчилик сезимдерин ойготууга түрткү боло турган чакырыктарды колдонбоо сунушталмакчы. Бул тууралуу талапкерлер менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү ишке ашса, кол коюу аземи 26-сентябрда өтөрү күтүлүүдө. (ЕК)

XS
SM
MD
LG